ДИНДЕР ОРТОСУНДАГЫ ДИЛОГ ИШТЕРИ БОЮНЧА ПАПАЛЫК КЕҢЕШ Христиандар жана мусулмандар:
РАМАЗАН АЙЫНЫН БҮТҮШҮНӨ БАЙЛАНЫШТУУ КАТ Ид Аль-Фитр 1430 Н./ б.з. 2009-ж.
Урматтуу мусулмандар, 1. Сиздердин орозо кармаган Рамазан айынын бүтүшү менен мен сиздерге тынчтык жана бейкутчулук, ошодой эле ушул Билдирүү аркылуу төмөнкү темаданы талкууга коет элем: Христиандар жана мусулмандар: Жакырчылык менен күрөшүүдө бирге. 2. Диндер ортосундагы диалог иштери боюнча Папалык кеңештин бул каты биздин баа жетькис салтыыбзыга айланып калды жана бул ар бир жылдагы чоң окуя болуп эсептелет жана кубанычыбызга кубаныч кошот. Өткөн жылы бул кат көптөгөн өлкөлөрдөгү Христиандар менен Мусулмандардын ортосундагы курчуган мамилелерди жөнгө салууда эбегейсиз роль ойногон. Бул кат көп учурда динге байланыштуу жалпы маселелерге тиешелүү, ошондуктан бул катты диндер ортосундагы балансты кармап турат десек жаңылышпайбыз. Жүрөктөн чыккан бул сөздөр биздин досутугубуздун белгиси, Жараткан ыроологон ачыылш боло албайбы эмне? 3. Бул жылдын темасына кайрылып көрсөк, жалпысынан материалдык жакырчылыкты жана көптөгөн конфессияларды башынан кечирген адамзат, эч кандай күмөнсүз бири-бирин колунан кармап, Теңир жөнөткөн осуяттар менен жашоосу керек. Гумандуу жана камкор агалар, эжелер, биз, калктын жакыр катмарына көңүл буруп, алардын бул дүйнөдөгү ордунг табуусуна жардам көрсөтүүбүз керек, булардын баары сөзсүз түрдө Эгебиздин Сүйүүсүнүн далили боло алат, анткени Ал адамды Өзү жараткан нерселердин баарын сүйүүгө жана керек учурунда көмөк көрсөтүүгө буйруду. Баарыбызга белгилүү болгондой, жокчулук адамдын кендирин кесип, азапка салып кыйнайт. Жокчулуктун айынан адамдар өзүмчүлдүккө, каардуулукка, бири-бирин жек көрүүгө чейин барышат. Ал ар кандай жолдор менен душмандыкты жаратышы мүмкүн жана кээде өзүнүн кылык-жоруктарын диний догмаларга таянуу менен актоого аракет кылышы мүмкүн, муну баары жалган “кудайдын кудурети менен” болушу мүмкүн. Ошондуктан , экстремизм жана зордук өңдүү кубулуштарга каршылык көрсөтүү, жалпы адамзаттык өнүгүүлөрдү жайылтуу аркылуу жакырчылык менен күрөшүүнү түшүндүрөт, муну Рим Папасы Павел VI “Дүйнөнүн жаңы аты” деп атаган (“Элдердин өнүгүүсү” энцикликасы, 1975, № 76). Өзүнүн жакындагы ак жүрөктүүлүк жана акыйкаттыктагы жалып адамзаттык өнүгүү жөнүндөгү “Акыйкаттагы ак жүрөктүүлүк” Энцикликасында Рим Папасы Бенедикт XVI өнүгүүнүн учурдагы талуу жерин көңүлгө алып, “жаңы гуманисттик синтездин” зарылчылыгын белгилейт (№ 21), тактап айтканда адам, Кудайдын алдында жөнөкөйлүгүн сактоо менен, дүйнөдөгү өзүнүн “Борборун жана Бийиктигин” табууга жөндөмдүү (№ 57). Чыныгы өнүгүү андан кийин “бүтүндөй адамзатка жалпысынан жана ар бир инсанга айрым-айрым” берилүүсү керек (Элдердин өнүгүүсү, № 42). 4. 2009-жылдын биринчи январындагы Эл аралыек тынчтык күнүнө арналган сөзүндө Его Святейшество Рим Папасы Бенедикт XVIжакырчылыктын эки түрүн белгилеген: аны менен күрөшүү зарыл болгон жакырчылык жана кадимкидей кабыл ала турган жакырчылык. Жан аябай күрөшө турган жакырчылык – бул ар бир адамдын башында боло турган күндөлүк майда-барат тиричилик, т.а. ачкалык, таза суунун жетишсиздиги, медициналык тейлөөнүн жетишсиздиги, үстүндө үйү жоктук, билим берүү жана маданий системалардын толук кандуу эместиги, сабатсыздык, жакырчылктын жаңы формаларын айтпаганда да, “...абдан өкүккөн капиталисттик өлкөлөрдө, эмоционалдык, адеп-ахлактык жана руханий уроо болуп жатат...” (Эл аралык тынчтык күнүнө арналган катта, 2009-ж., № 2). Кадимки көрүнүш катары кабыл ала турган жакырчылык – бул тазалык, айлана-чөйрөнү коргоо жана табият менен таттуу мамиледе болуу өңдүү күндөлүк кайталана турган жашоо образы. Бул жакырчылык орточо ачкалык менен да түшүндүрүлүш мүмкүн, жок дегенд ежылына бир нече жолу. Бул жакырчылык - биз издеген жана бизге өзүмчүлдүк сезимдерден арылып, жүрөгүбүздү сүйүүгө толтура турган нерсе. 5. Өзүнүн динге болгон ишенминин жактоочусу, жакырчылыкты четтетүү үчүн адилеттүү жана узакка созулган кызматташтык, азыркы учурдагы көптөгөн көйгөйлөр менен күрөшүүнү да түшүндүрөт. Биздин коомдун глобалдашуусуна байланыштуу жакырчылык аспектилерине карата руханий жана адеп-ахлактык баалуулукка ээ, анктени ар бири бардык адамдар жана улуттар өздөрүн бир туугандык жана жоопкерчилик принциптери менен алып жүрө турган адамзаттын бир үй бүлөсүн куруу аракетин бөлүштүрөт. 6. Жакырчылыктын татаал кубулушун дыкаттык менен иликтөө бизди анын келип чыгышына, т.а. адамдын беделин сыйлабоо көйгөйлөрүнө алып келет жана глобалдуу тилектештикке чакырат. Мисалга жалпы коомчулук тарабынан “жалпы этикалык кодекстин” (Иоан Павел II, Коомдук илимдердин папалык академиясына кайрылуусу, 2001-жылдын 27-апрели, №4) кабыл алынуусун айтсак болот, анын нормалары салттуу мүнөзгө гана ээ болбостон, ар бир адамдын аң сезиминде кадамактай кадалган Жараткандын табигый мыйзамдары менен да бекемделет (салыштыр: Рим 2, 14-15). 7. Мүмкүн биз дүйнөнүн түрдүү бөлүктөрүндө сабырдуулуктан күндөлүк тажрыйбадан жана актуалдуу жалпы камкордуктан баштап түз жолгушууларга өтүп кеттик. Мунун өзү өнүгүүгө карай ташталган маанилүү кадам болуп эсептелет. Ар бирибиз ибадатка бек туруп, бири-бирибизге ак жүрөк болуп кол сунуп, Кудай көрсөткөн акыйкаттын жолунда бирге боло албайбызбы эмне? Жакырчылык бизди күрөшкө чакырып жатат, бирок, ириде ал бизди жакырычлыкты жоюу үчүн адилеттүү кызматташууга чакырып жатат!
“Ид Аль-Фитрди” бакыт коштосун!
Архиескоп Пьер Луиджи Челата
Pontifical Council for Interreligious Dialogue
|
|