The Holy See
back up
Search
riga

ЕПИСКОП  КЕҢЕШИ

Христиандар жана Мусулмандар:
Ар кандай диний агымдарды жактоочулардын ортосундагы зомбулукту бирге жоелу

ОРОЗО АЙЫНЫН АЯГЫНДАГЫ БИЛДИРҮҮ

Ид Ал-Фитр 1431 Ж / 2010 Б.З.

Ватикан  мамлекети

Урматтуу мусулман достор!

1. Орозо айынын аягындагы  Ид Ал-Фитр диний аралык диалог боюнча Епископ кеңешинин атынан ушундай ыңгайлуу учурдан пайдаланып чын жүрөктөн тынччылык жана жаркын  маанай каалайт.

Бул айда сиз орозо кармап, ибадат кылып, муктаж адамдарга жардамыңызды аябай аны менен досчулук мамилени бекемдедиңиз. Кылган амалдарыңызды Аллах кабыл кылсын!

2. Башка диндин өкүлдөрү, өзгөчө Христиандар бул күндөрү Сиздерге жан дүйнөсү жакындап, достук жолугушууларды өткөрүп, дин табиятындагы жакшы нерселерди өз ара алмашууга  мүмкүндүк берээрин баса айткым келет. Ошондой эле бул кат сиздерге жагымдуу ой тартуулаган кабар болооруна да ишеним артам.

3. Епископ кеңеши тарабынан сунушталган быйылкы, Христиандар жана Мусулмандар: Ар кандай диний агымдарды жактоочулардын ортосундагы зомбулукту бирге жоелу  деген тема, тилекке каршы, бүгүнкү күндө актуалдуу маселелерден болуп эсептелет. Епископ Кеңеши тарабынан бекитилген диалог боюнча биргелешкен комитети жана монотеисттик диндер ортосундагы диалог боюнча ал-Азхар туруктуу комитети тарабынан да бул тема окуп-үйрөнүү, жыл сайын ушундай жолугушууларды чагылдыруу жана алмашуу предмети катары тандалып алынган (Кир, 23-24-февраль, 2010). Бул жолугушууда чыгарылган чечимдер менен сиздерди тааныштырып коюуга уруксат этиңиздер.

4. Азыркы учурда ар кандай диний салттарды тутунган адамдардын ортосунда зомбулукту туудуруучу көптөгөн себептер бар: алар: динди саясий жана башка кызыкчылыктар үчүн колдонуу, улуттук белгисине жана диний ишенимине карата кысымга алуу, бөлүп-жаруу жана социалдык оорчулук болуп эсептелет. Маалыматсыздык, жакырчылык, экономикалык өнүгүүнүн төмөнкү деңгээли да диний жамааттардын арасындагы зомбулуктун түз же кыйыр себеби болуп эсептелет. Коомдук жана диний бийликтегилер жалпы коомчулуктун жыргалчылыгы үчүн жапа тырмак аракет кылып терс көрүнүштөрдү четтете алабы! Коомдук бийлик мыйзам жолу менен кара кылды как жарган калыстыкты орнотуп, зордук-зомбулук көрсөтүүчүлөргө бөгөт боло алабы!

5. Жогорудагы текстте маанилүү сунуштамалар да берилди: тынччылыкта бакубат турмуш өткөрүү үчүн өз ара кечиримге жана элдешүүгө жүрөгүбүздү берели, бүгүнкү күндө эмнеге ээ экенибизди аңдап, түшүнүү үчүн жана маданий диалогдун негизи катары көп түрдүүлүктү сыйлоо үчүн, улутуна жана диний ишенимине карабай адамдын абройуна шек келтирбей турган, укугун чектебей турган; баарыбыз үчүн негизги теңдигибизди камсыздай турган мыйзамдарды гана күчкө эгедер кылып, үй, мектеп, чиркөө жана мечит сыяктуу түрдүү билим берүү чөйрөлөрүндө урмат-сый, бир боордук мамилелер боюнча билим берүүнүн маанилүүлүгүн токтотуу керек. Ушундай жол менен биз түрдүү дин агымдарынын зордукчуларына каршы туруп, ар кандай диний коомчулуктардын ортосунда тынчтыкты, жакшы алаканы жайылтууга мүмкүндүк алабыз. Диний лидерлердин сабак берүүсү мектеп китептериндей эле билим берүүгө жана жаш муундардын калыптанышына чечүүчү таасир берет.

6. Баарыбызды ынтымакка чакырган мындай  ой-жорумдар урмат-сый арттырып, тынчтыкка үндөгөн диалогдун уланышына салым кошот деп ишенем жана Кудайдан тилейм!

        

Жан-Луи Кардинал Тауран
Президент

Архиенскоп Пьер Люджи Селдата
 Катчы

 

PONTIFICAL COUNCIL
FOR INTERRELIGIOUS DIALOGUE

00120 Vatican City

Telephone: 0039.06.6988 4321
Fax: 0039.06.6988 4494

E-mail: dialogo@interrel.va

http://www.vatican.va/roman_curia/pontifical_councils/interelg/index.htm

 

 
top