The Holy See
back up
Search
riga

ДИН АРАЛЫК СҮЙЛӨШҮҮ БОЮНЧА ПАПА КЕҢЕШИ

РАМАЗАНДЫН АЯКТАШЫНА КАРАТА БИЛДИРҮҮ
‘Ид аль-Фитр 1433 H. / 2012 a.d.

Жаш христиандар менен мусулмандарды дүйнөдөгү акыйкаттуулукка тарбиялоо

 

Урматтуу мусулман достор!

1. Рамазан айын аяктай турган ‘Ид аль-Фитр майрамы, дин аралык сүйлөшүү боюнча Папа кеңешинин жүрөктөн чыккан каалоолорун билдирүү кубанычын тартуулайт.

Силер менен бирге биз да бул өзгөчө мезгилге кубанып жатабыз, ал бизге орозо жана башка намыстуулуктун практикалары аркылуу Кудайды, биз кымбат туткан жаратканды угууну тереңдетет.

Ошондуктан, бул жылы бизге жаш мусулмандарды жана христиандарды тарбиялоо темасына көңүл чордонун буруу туура сыяктанып көрүндү, алар чындык менен эркиндиктен бөлүнгүс.

2. Силер өзүңөр билгендей, тарбиялоо милдети бардык коомчулукка ишенип берилсе дагы, ал баарынан мурда өзгөчө ата-энелерге таандык болуп саналат, жана алар менен бирге диний, маданий, социалдык жана экономикалык жашону жана коммуникациялык турмушту кошпогондо дагы үй-бүлөнүн, мектептин жана университеттин иши болуп эсептелет.

Бул укмуштуу жана бир эле учурда абдан кыйын милдет: өспүрүмдөргө жана жаштарга аларга Жараткан бөлүп берген өзүндөгү ресурстарды таап, өнүктүрүү, жана башка адамдар менен жоопкерчиликтүү мамиле түзө билүү. Тарбиячылардын милдети туурасында айтып жатып, Улуу Урматтуу Папа Бенедикт XVI мындай деп билдирген: “Муну үчүн жөн гана айрым эрежелерди жана маалыматтарды таратуучу эмес, чыныгы күбө болуу талап кылынат. Күбө – бул башкаларга сунуш кылгандар менен өзү да жашоочу” (“Бүткүл дүйнөлүк Тынчтык күнүнө кайрылуу” 2012 ж.). Эсиңиздерге сала кетели, андан сырткары, жаштар акыйкан жана тынчтын рухунда өз билим алуусу, өз тарбияланышы үчүн өздөрү да жоопкер.

3. Акыйкаттык баарынан мурда аламдык инсандыктын окшош болуусу менен аныкталат, аны бир бүтүн нерсе катары кароо керек: аны болгон коммутативдүүлүккө жана дистрибутивдик ченөөлөргө кошуп коюуга болбойт. Жалпы жыргалчылыкка солидардуулуксуз жана бир туугандык сүйүүсүз жете албай тургандыгыбызды унутпашыбыз керек. Кудайга ишенгендердин Кудай менен достугунда таянган чыныгы акыйкаттуулук, алардын бири бири менен болгон мамилесин, башкалар менен болгон жана бардык жаралгандар менен мамилесин тереңдетет. Андан сырткары, алар акыйкаттуулуктун булагы – бардык адамдарды Кудай жаратты жана алар бир үй-бүлө болуп жашоого жаралган деп ишенишет. Нерселерге болгон мындай көз караш, акылга жана транценденттикке болгон ачыктык толук эркиндиктеги бардык эркектер менен аялдарга чакырык таштайт, милдеттер менен укуктарды айкалыштырууга мүмкүндүк берет.

4. Биздин тынч эмес мезгилде жаштарды тынчтык рухунда тарбиялоо курч маселе болуп келет. Бул тапшырманы тиешелүү деңгээлде аткаруу үчүн дүйнөнүн нукура табиятын түшүнө билүү керек, ал согуштун жок болушу же каршылашкан күчтөрдүн тең салмакта болушу менен гана чектелбейт, ал бир эле убакта Кудайдын белеги жана талыктап түзүүгө тийиш болгон Адамдын иши болуп эсептелет. Дүйнө акыйкаттуулуктун жемиши жана кайрымдуулуктун натыйжасы болуп эсептелет. Кудайга ишенгендер дайыма өз жамааттарынын ичинде активдүү болушу керек: алар боор толгоо, солидардуулук, кызматташтык жана бир туугандык көргөзүү менен, алар гармониялык өсүш, ар тараптуу өнүгүү, жаңжалдардын алдын алуу жана чечүү сыяктуу бүгүнкү күндүн маанилүү тапшырмаларын чечүүгө шарт түзүшөт.

5. Акырында, биз бул кайрылууну окугусу келген жаш мусулмандар менен христиандарга кайрылгыбыз келет: чыныгы акыйкаттуулук менен тынчтыктын жарчысы болуу жана ар бир жарандык татыктуулугу жана укугуна татыктуу сый мамиле кылуу маданиятына жетүү үчүн дайыма эркиндик менен чындыкты өркүндөтүү зарыл. Биз аларды бул идеалдарды ишке ашырууга зарыл болгон чыдамкайлык менен өжөрлүккө ээ болуусун каалайбыз, эч качан шектүү компромисстерге барбагыла, өз жолуңарды калп жана адамга татыксыз каражаттарды колдонуу менен жолуңарды жеңилдетпегиле. Мына ушуга чындап ишенген эркектер менен аялдар гана акыйкаттуулук менен тынчтык чындыкка жаткуан коомду түзө алышат!

Тынчтыктын куралы болгусу келген үй бүлөлөрдүн жана жамааттардын жүрөгүнө Жараткан тынчтык жана үмүт толтурсун!

Бардыгына бактылуу майрам каалайбыз!

Ватикандан, 3-август, 2012-жыл

Жан-Луи Кардинал Торан
Президент

Архиепископ Пьер Луиджи Челата
Катчы

 

ПАПСКИЙ СОВЕТ
ПО МЕЖРЕЛИГИОЗНОМУ ДИАЛОГУ
00120 Град Ватикан

Телефон: 0039.06.6988 4321
Факс: 0039.06.6988 4494
E-mail: dialogo@interrel.va

  

top